Президент Ташиевди эмне үчүн кызматтан алынганын айтты

Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациясы кабарлады. 

Ташиевдин ордуна Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Шабданбеков  тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: “Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым”, - деди президент.

Ташиев учурда Германиянын Мюнхен шаарында медициналык дарыланууда жүргөнү айтылууда.
Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" басылмасы Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактаган.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

Ага улай эле «Кактус медиа» басылмасы Ташиевдин үч орун басары кызматтан бошотулгаын кабарлады.
Алар: 
▪️Даниэль Рысалиев;
▪️Курванбек Авазов;
▪️Элизар Сманов

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз