Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрү аны коргогон боюнча калат
Камчыбек Ташиев буга чейин мамлекеттик коргоого алынган адам катары саналган жана жеке коопсуздугун камсыздоо чаралары мындан ары да белгиленген тартипте улантыларын 11-февралда Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев билдирди.
«Социалдык тармактарда жарандар Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тарабынан зарыл тапшырмалар берилди», — деди ал.
10-февралда Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент кол койгон.
Ошол эле күнү, 10-февралда, Садыр Жапаров УКМКнын 9-кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин карамагында Мамлекеттик күзөт кызматын түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жаңы орган президентке түз баш ийген жана түз отчет берген атайын мамлекеттик мекеме болуп саналат жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо тутумуна кирет.
11-февралда Сыргак Бердикожоев Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы болуп дайындалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


