Башкы прокуратура: Бишкек шаарынын УКМК башчысы Эльдар Жакыпбеков кармалды

Бишкек шаары боюнча УКМКнын башкармалыгынын мурдагы начальниги Эльдар Жакыпбеков кармалды. Бул маалыматты 16-февралда «Сводка АКИpress» редакциясына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

«Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти көзөмөл органы.

Азырынча ага кандай айып тагылганы белгисиз.

Ошондой эле социалдык тармактарда ал атайын багыттагы күч түзүмдөрүнүн коштоосунда отурган сүрөтү тарады.

Жакыпбеков Бишкек шаардык УКМК башкармалыгын 2025-жылдын 3-декабрында жетектей баштаган.

13-февралда анын ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болуп, анын ордуна Улан Бийбосунов дайындалган. Бийбосунов буга чейин Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматын жетектеп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз