Өзбекстанда Кыргызстан аркылуу баңгизат ташып жүрүшкөн баңгизат курьерлери кармалды
ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу кызматы жана Кыргызстандын ИИМ менен биргелешкен атайын операция жүргүзүп, анын жыйынтыгында Ооганстандан алып келинген баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга контрабандалык жол менен ташып келген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.
Февраль айында Өзбекстандын Андижан облусунун аймагындагы Бостон районунда кыргызстандык баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана өзбекстандык күч түзүмдөрү тарабынан Өзбекстандын жарандары — 1996-жылы туулган А.А.Р., 1990-жылы туулган Д.З.П., 1980-жылы туулган Д.Р.Н. жана 1981-жылы туулган Ш.Ш.Т. кармалды.
Алар «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан. Текшерүү учурунда алардын жанынан 9 килограмм 444 грамм гашиш табылган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


