Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арачылары «Достук» стеласынын жанында үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү

15-февралда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн үч тараптуу жумушчу жолугушуусу өттү.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдап, жолугушуу ишеним чараларын бекемдөө, ыкчам кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу жана мамлекеттик чек ара режимин сактоо максатында уюштурулганын билдирди.

Иш-чара үч мамлекеттин мамлекеттик чек аралары кесилишкен аймакта — «Достук» стеласынын жанында, тиешелүү чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жоопкерчилик тилкесинде өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар чек арага жакын аймактардагы өз ара аракеттенүү маселелерин, чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ортосунда түз байланыш механизмдерин өркүндөтүүнү, ошондой эле мамлекеттик чек ара тилкесинде мүмкүн болуучу окуялардын алдын алуу боюнча аракеттерди координациялоону талкуулашты.

Мындан тышкары, чек ара тилкесинде инженердик, чарбалык жана жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартибине, ошондой эле ыкчам чара көрүү жана мүмкүн болгон талаштуу жагдайларды жөнгө салуу алгоритмине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар «Достук» стеласы жайгашкан аймакты көрктөндүрүү маселесин карап, мамлекеттик чек аранын бекитилген тилкелеринде ар бир тарап өз күчү менен кире бериш жолдорду жакшыртуу, ошондой эле жашылдандыруу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу сүйлөштү.

Жолугушуу конструктивдүү жана ишкердик маанайда өтүп, тараптар мамлекеттик чек ара режимин мындан ары да бекемдөөгө, коңшулаш мамилелерди өнүктүрүүгө жана чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоого даяр экенин тастыктады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз