«Ата-Журт» жана «Мекенчил» депутаттык топторунун лидерлери алмашты — алардын ордуна Дастан Жумабеков жана Талант Мамытов келди
Дастанбек Жумабеков депутаттык «Ата-Журт» тобунун лидери Нурланбек Азыгалиевди алмаштырды. Бул тууралуу депутат Алишер Козуев 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ошондой эле «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Кундузбек Сулайманов ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырганын айтып, анын ордуна депутат Талант Мамытов лидер болуп шайланды.
Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалганына байланыштуу «Ала-Тоо» депутаттык тобунун лидери да өзгөрүшү күтүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


