УКМК кылмыш иштерин кайра кароо боюнча комиссия түзүүгө каршы чыкты

Акыркы беш жыл ичинде УКМКнын тергөө органдары иликтеген бардык кылмыш иштерин кайра карап чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү сунуштары көбөйүп жатканын 19-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, мыйзамда так белгиленген тартип бар. УКМК Конституцияга ылайык, мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын функциялары менен ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү принцибине негизделерин эске салды.

Басма сөз кызматы кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын нормаларына таянып, тергөө бөлүмдөрү (УКМК, ИИМ жана башка түзүмдөр) жүргүзгөн иштердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарына жүктөлөрүн, ал эми сот адилеттигин ишке ашыруу сот органдарынын ыйгарым укугуна кирерин баса белгиледи.

«КРдин Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 8-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жана башка чечимдери УПКда каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилип, кайра каралышы мүмкүн. Ал эми тергөөчүнүн процессуалдык чечимдери көзөмөл органы тарабынан изилденип, жокко чыгарылышы ыктымал.

Ушуга байланыштуу кылмыш иштерин кайра кароо үчүн кандайдыр бир комиссия түзүү тууралуу сунуш Конституциялык принциптерге каршы келет. Анткени мыйзамдарда тергөө жана сот ишине кийлигишүүгө так тыюу салынган», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле мекемеден Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, УКМКда анын ишмердүүлүгүнүн дээрлик бардык багыттарын жана ыкмаларын камтыган реформа жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.

«УКМКдагы реформа улуттук коопсуздук органдарын заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга ылайыкташтырууга, чалгындоо жана контрчалгын ишин күчөтүүгө, терроризм менен экстремизмге каршы күрөштү бекемдөөгө, коррупцияны андан ары жоюуга, уюшкан кылмыштуулуктун жолун кесүүгө, өлкөнүн маалыматтык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматында.

Мекеме мыйзамдын алкагында иш алып барып, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин урматтай турганын кошумчалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз