Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы мандатын тапшырганын жар салды

Кыргызстандыктарды жана момун мусулмандарды Ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктаган ЖКнын мурадыг төрагасы саясий айдыңдагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, акыркы күндөрү жеке дарегине карата такталбаган жана туура эмес маалыматтар тарап жатат. Ал айрыкча жетимиш беш ардагердин кайрылуусуна жана кол топтоо маселесине эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

«Коомдо терс пикир жараткан кат мен Түркияга сапар тартып жаткан учурда ММКларга жарыяланган. Мен бул тууралуу ошол учурда гана билдим. Жооп берүүгө убакыт жетпеди», — деп билдирди ал.

Ошондой эле эл өкүлү Ыйык Орозо айында так эмес маалыматтарды таратпоого жана бири-бирине кыйбат кылбоого чакырды.

Билдирүүдө акыркы убакта ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралып, дарыланып жүргөнү да айтылат. Ушундан улам ал мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгына көңүл буруу жана жеке иштери менен алектенүү максатында депутаттык мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын маалымдады.

Ал өзүнө ишеним көрсөтүп добуш берген шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип жатканы үчүн кечирим сурады.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп турган мезгилде мамлекет жана эл үчүн бир катар демилгелер көтөрүлүп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, ар бир чечими мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган.

«Бүгүн ар кандай баалар берилиши мүмкүн. Бирок убакыт өтүп, тарых ар бир ишке өзүнүн калыс баасын берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Сөзүнүн соңунда ал кыргыз элине тынчтык, биримдик жана саясий туруктуулук каалап, «Орозоңуздар кабыл болсун» деп жыйынтыктады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз