Ошто УКМКнын жаңы жетекчиси кызматка киришти
Бүгүн, 19-февралда, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Жоомарт Токтогулов расмий түрдө кызматка киришти.
Жаңы жетекчини облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев тааныштырды. Иш-чара КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында өттү.
Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле Президенттин тапшырмаларын так жана өз убагында аткаруу багытында биргелешип иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи. Ал Жоомарт Токтогуловго жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


