Оштун экс-мэри кайрадан депутат болду

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Таалайбек Сарыбашов 19-февралда парламенттин жыйынында ант берди.

Ал депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалгандан кийин бош калган мандатты алды. №8 шайлоо округу боюнча талапкерлердин добуш рейтингинде Сарыбашов 8796 добуш менен 4-орунда турат.

Буга чейин Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. Андан мурда Ош шаарынын мэри кызматын аркалаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз