БШК Кундузбек Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Борбордук шайлоо комиссиясы 23-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун жеке арызынын негизинде анын ыйгарым укуктарын токтотуу маселесин карады.
К.Сулаймановго берилген Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жараксыз деп табылды.
№14 шайлоо округу боюнча талапкерлердин добуш берүү жыйынтыгындагы рейтингине ылайык, анын ордуна 6605 добуш алган Дүйшенбиев Райымберди Сейдакматович келиши мүмкүн.
Буга чейин депутаттык ыйгарым укуктарын Элдар Сулайманов жана Нурланбек Тургунбек уулу да тапшырышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


