Жогорку сотунун төрагасы Ош облусунун Административдик сотунун кызматкерлеринин жок адамдарды жумушка орноштургандыгы үчүн кармалганы боюнча пикирин билдирди.

Медербек Сатыев 23-февралда Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйында сот системасын коррупцияга аралашкан адамдардан тазалоо зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, Ош облусунун Административдик сотундагы акыркы окуя баарына олуттуу сабак болушу керек. Жок адамдарга айлык акы эсептөө — мамлекеттик бюджетке кол салуу болуп эсептелет жана бул кылмыш жоопкерчилигине алып келе турган жосун.

Ошондой эле 2026-жылдын 14-февралында Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын улук катчысы А.Ж. алдамчылыкка шектелип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

«Сот системасы коррупцияга аралашкан адамдардан тазаланышы керек. Мындай көрүнүштөргө жол берилбеши зарыл», — деди Сатыев.

Ишмердүүлүктүн жыйынтыгы

Жыйында күн тартибиндеги биринчи маселе катары Чүй облусунда сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты, сот органдарынын ишин уюштуруу абалы жана 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берилди.

2025-жылы Чүй облустук соту 2150 иш караган. Алардын ичинен 848 сот актысына даттануу түшүп, чечимдерди күчүндө калтыруу көрсөткүчү 73,82% түзгөн.

Жалпысынан Чүй облусунун соттору өткөн жылы 42 миңден ашуун иш караган. Сот чечимдеринин туруктуулугунун орточо көрсөткүчү 60–70% чегинде болгон. Чечимдери эң көп өзгөртүүсүз калтырылган соттор катары Чүй облустук соту, Токмок шаардык соту жана Жайыл райондук соту белгиленди. Ал эми эң төмөн көрсөткүчтөр Сокулук жана Панфилов райондук сотторунда катталган. Айрым судьялар боюнча чечимдердин туруктуулугу 90–100% жетсе, эң төмөнкү көрсөткүч 25% болгон. Бул айрым соттордо сот актыларынын сапаты боюнча көйгөйлөр бар экенин көрсөтөт.

Бирдиктүү сот практикасы

Сатыев бирдиктүү сот практикасын камсыз кылуу системалуу жана туруктуу мүнөздө болушу керектигин белгиледи. Жылына бир жолу жыйынтык чыгаруу жетишсиз. Сот практикасын талдоо жана жалпылоо кварталына жок дегенде бир жолу жүргүзүлүп, жыйынтыгы белгиленген тартипте Жогорку сотко жөнөтүлүшү зарыл.

Бул багытта негизги жоопкерчилик облустук сотторго жүктөлөт. Алар аймактагы сот практикасын талдоо жана жалпылоонун борбору болуп, мыйзамдарды бир нукта колдонууга жана төмөнкү инстанциядагы соттор үчүн усулдук сунуштарды иштеп чыгууга тийиш. Ар бир өзгөртүлгөн же жокко чыгарылган сот актысы талдоого алынып, так жыйынтык чыгарылышы керек.

Отчеттук мезгилде Чүй облусунун соттору 35 жолу сот практикасын жалпылаган. Бирок Сатыев алардын сапатын сынга алып, методикалык талаптарга шайкеш келбегенин, бирдиктүү практиканы калыптандыруу боюнча жетиштүү жүйөлөр жоктугун жана сот актыларынын өзгөртүлүү же жокко чыгарылуу себептери материалдык жана процесстик укук нормаларынын негизинде терең талданбаганын белгиледи.

Каралган иштердин категориялары

2025-жылы Чүй облусунун биринчи инстанциядагы соттору 1895 кылмыш ишин караган. Алардын ичинен ден соолукка жеңил зыян келтирүү, балдарды багуудан качуу, уурулук жана алдамчылык эң көп кездешкен.

Жарандык иштер боюнча 20 604 иш каралып, негизинен мурастык маселелер, никени бузуу жана карыз өндүрүү боюнча талаштар үстөмдүк кылган.

Административдик иштер боюнча 797 материал каралып, алардын басымдуу бөлүгүн жер талаштары түзгөн.

Мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси

Жыйындын жүрүшүндө шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси да талкууланды. Эгерде соттолгон адам жазанын мыйзамда белгиленген минималдуу бөлүгүн өтөп, жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын расмий сунуштамасы бар болуп, мыйзамда түз тыюу салуу каралбаса, соттор мындай өтүнүчтү канааттандыруу презумпциясынан чыгышы керектиги белгиленди.

Бул ыкма кылмыш-жаза саясатын гумандаштыруу принциптерине шайкеш келип, пенитенциардык тутумга болгон жүктү азайтууга жана соттолгондорду пробациялык көзөмөл шартында коомго кайра аралаштырууга өбөлгө түзөт.

Башка тапшырмалар жана маселелер

Төрага Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун сот залдарын толук кандуу аудио жана видео жазуу системалары менен камсыз кылууну, ошондой эле онлайн сот жыйындарын өткөрүүнү баштоону тапшырды.

Жыйынга методикалык жардам көрсөтүү үчүн келген Жогорку соттун судьялары 2025-жылы жергиликтүү соттор тарабынан кетирилген кемчиликтерди белгилешти. Алардын ичинде иштерди кароонун белгиленген мөөнөттөрүн сактабоо, сот жыйындарынын протоколдорунун жоктугу жана башка мыйзам бузуулар бар экени айтылды.

Бул маселелер боюнча Сатыев Чүй облустук сотунун төрагасына тиешелүү судьяларга карата сунуштама киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле QR-система аркылуу түшкөн сунуш-пикирлер каралды. Процесс тараптары көбүнчө сот залдарынын тардыгын, залдардын жетишсиздигин, аппарат кызматкерлеринин баарлашуу маданиятын жогорулатуу зарылдыгын жана судьялардын мыйзам талаптарын так сактоосун белгилешкен. Ошону менен бирге айрым судьялардын мыйзамдуу жана адилет чечимдерин оң баалаган пикирлер да түшкөн.

Мындан тышкары, иштерди автоматтык бөлүштүрүү, жер тилкелери, сот имараттарын оңдоо жана куруу, материалдык-техникалык камсыздоо, кадр саясаты жана коррупцияга каршы чаралар боюнча маселелер талкууланды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз