УКМК Манас шаарында жашаган адам менен анын билдирүүлөрү боюнча сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 24-февралда билдиргендей, Манас шаарынын тургуну менен түшүндүрүү жана алдын алуу багытындагы иш-чара өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, 20-февралда Кыргызстандын Instagram мейкиндигинде М.А.А. аттуу колдонуучунун видео кайрылуусу тараган. Тергөө органдарынын баамында, аталган видео провокациялык мүнөздө болуп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карата жеке пикирди камтыган. Ошондой эле анда аймактар аралык тирешүү жаралышы ыктымал экени айтылган.

Жүргүзүлгөн маектин алкагында УКМК жаранга такталбаган жана ишенимсиз маалыматтарды таратууга жол берилбей турганын түшүндүрдү. Мындан тышкары, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы болжолдуу пикир келишпестиктер тууралуу спекуляция кылбоо жана аймактар аралык чыңалууга себеп болушу мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн кармануу зарылдыгы эскертилди.

Натыйжада жаран өзүнүн видеосун өчүрүп, аны төгүндөп билдирүү жарыялады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз