Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда тараган аудио боюнча комментарий берди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 24-февралда социалдык тармактарда тараган аудиожазуу боюнча "Азаттык" радиосуна түшүндүрмө берди.
Ал аудиодогу сүйлөшүүдө айтылган адам өзүнүн бир тууган агасы Жолдошалинин уулу Эркин Төрөбаев экенин тастыктады.
Төрөбаевдин айтымында, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанындагы инисине тиешелүү жер тилкесин арзаныраак баада сатууга көмөктөшүүнү суранган.
“Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан бул маселени тактоо үчүн бир тууган агама: “Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу”, -деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин. Жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп калдым. Чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергем”, - деген Төрөбаев.
Төрөбаев бул сүйлөшүү туугандык мамиленин алкагында болгонун белгилеп, аудиону саясий өңүттө пайдаланбоого чакырды.
23-февралда социалдык тармактарга үнү Бакыт Төрөбаевге окшош адам менен башка бир кишинин телефон сүйлөшүүсү жарыяланган. Андагы адам Таймурас Ташиев жана саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетов анын ишканасын тартып алганын айткан. Ал Таймурас Ташиев завод жайгашкан жер тилкесин гана сатып алганын, бир миллион доллар убада кылганы менен акчаны толук бербегенин, заводду бузуу ниети болгонун билдирсе да, каражат берилбей калганын билдирген.
Өз кезегинде Таймурас Ташиев “Регион” каналына комментарий берип, дооматтарды четке каккан. Анын айтымында, бул окуя 2022-жылы болгон. Ал жер тилкесин 470 миң долларга сатып алганын, ал аймакта темир-тезек, түтүктөр болгонун жана мурдагы ээси аларды кийин алып чыгып кеткенин айтты. Ошондой эле ал жерде өрттөнгөн имарат болгонун, анын ордуна мектеп куруу планы бар экенин белгиледи. Таймурас Ташиевдин сөзүнө ылайык, бул келишимде Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылган, анткени сатуучу ага тууган болгон жана бааны төмөндөтүүгө жардам берген. Ал айрым адамдар атасын каралоого аракет кылып жатканын айтып, Орозо айында аларды кечиргенин кошумчалады.
Аудиодо аты аталган Каныбек Досмамбетов азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
32 жаштагы Таймурас Ташиев — Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал “Томас и Ко” компаниясынын директорунун орун басары болуп иштейт. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланып, кийин мандатынан баш тарткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


