ТИМ Казакстан макул болсо эле «90 күндөн 180 күнгө» чектөөлөрүн ошол күнү эле жокко чыгарууга даяр
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарына карата колдонулуп жаткан «90 күнгө 180» миграциялык режими маселеси көтөрүлдү.
Депутат Гуля Кожокулова Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча суроо узатты. Анын айтымында, чек арага жакын аймактарда жашап, күн сайын ишине байланыштуу чек арадан ары-бери өткөн жарандардан көптөгөн даттануулар түшүүдө. Көптөгөн казакстандыктар Кыргызстанда, ал эми кыргызстандыктар Казакстанда иштеп, эртең менен барып, кечинде кайтып өтүшөт.
«Бул 90 күн бат эле өтүп кетет. Кирип-чыккан күндөрдүн баары кошулуп эсептелет. Бул маселени кантип ыкчам чечсе болот? Анткени бул өтө курч маселе», — деди ал. Депутат айрыкча чек арага жакын аймактардын тургундары кыйналып жатканын белгиледи.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев «90 күнгө 180» режими 2023-жылдан бери казак тарап менен талкууланып келатканын билдирди. Анын айтымында, Казакстандын өтүнүчү менен Кыргызстан эки жыл бою бул режимди эки өлкөнүн жарандарына карата колдонбой турууну жылдырып келген.
«2023-жылдан бери биздин өтүнүч менен маселе улам кийинки жылга жылдырылып келген — 2023-жылдан 2024-жылга, 2024-жылдан 2025-жылга. 2025-жылдын аягында дагы кайрылдык, бирок тиешелүү жооп алган жокпуз. Ушуга байланыштуу Казакстандын жарандарына карата окшош чараларды колдонууга аргасыз болдук», — деди ал.
Имангазиев Казакстандын жарандарынын Кыргызстан аймагында каттоодон өтүүсүндө бюрократиялык тоскоолдуктар жок экенин кошумчалады.
Анын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдар — Тышкы иштер министрлиги, Чек ара кызматы жана башка мекемелер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Айрым жарандар объективдүү себептерден улам өз убагында каттоодон өтө албай калган. Бирок Чек ара кызматы менен биргелешкен мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстан аймагына кире албай жаткан жарандардын саны көп эмес экени аныкталган.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш депутаттарынын кайрылуусунун негизинде учурда улуттук мыйзамдарга айрым өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, анда айрым категориядагы жарандар үчүн жеңилдетилген шарттар караларын билдирди.
Өз кезегинде Кожокулова Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык мамилени эске алуу менен маселени создуктуруу туура эмес экенин айтты.
«Бул — бир тууган республика. Биздин ортобузда тарыхый байланыштар, туугандык мамилелер, аралаш никелер көп. Эл жабыркабашы керек. Жөнөкөй жарандар дипломатиялык жол-жоболорду түшүнө бербейт, алар маселени ыкчам чечүүнү күтөт. Сүйлөшүүлөрдө көбүрөөк чечкиндүүлүк керек, парламенттик дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонуу зарыл», — деди ал. Ошондой эле чек арадагы жарандарга карата жылуу мамиле кылууга чакырды.
Имангазиев соңку эки жыл ичинде режимди колдонбоо демилгеси кыргыз тараптан чыкканын баса белгиледи.
«Эгер казак тарап эртең “90 күнгө 180” режимин жокко чыгаралы десе, биз ошол эле күнү тиешелүү чараларды токтотобуз», — деди ал.
Ал ошондой эле Кыргызстан диалогду улантууга даяр экенин, ошол эле учурда ар бир мамлекет өзүнүн миграциялык мыйзамдарын өз алдынча өркүндөтүүгө укуктуу экенин кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


