Бишкектеги кинофестивалга чет өлкөлөрдөн 900дөн ашык тасма катышат

2-апрелде Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын XIII эл аралык кинофестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, быйыл фестивалга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 900дөн ашык арыз келип түшүп, бул кинофорумдун эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркынын жогору экенин дагы бир ирет тастыктады.
 
«Фестивалдын расмий ачылышына кино ишмерлери, сынчылар, кино багытында билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын студенттери жана кино өнөрүнө кайдыгер карабаган жалпы көрүүчүлөр катышты. Быйылкы фестиваль Улуу Жеңиштин 80, Ашым Жакыпбековдун 90 жылдыгына арналды. Дүйнө тарыхын өзгөрткөн улуу окуя, ар бирибиздин эсибизде улуу мурас болуп калды. Кинофестивалдын катышуучулары экран аркылуу ошол тарыхый эстеликти, эрдик менен адамкерчиликти муундан муунга өткөрүп берүү максатын көздөйт»,- деп айтылат маалыматта.
 
Эл аралык кинофестиваль шаар тургундары менен меймандарынын сүйүктүү маданий салтына айланып, КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн мыкты фильмдерин сунуштаган аянтчага айланды. Фестиваль чыгармачыл идеялар жаралган, эл аралык кызматташтыктар түзүлгөн жана жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылган чоң маданий платформа болуп калды.
 
Фестивалдын программасында эки негизги конкурстук категория каралган: эл аралык жана улуттук. Аларда көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрдагы тасмалар көрсөтүлөт. Эл аралык конкурска Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн тандалган 13 тасма кирген. Улуттук конкурста кыргызстандык режиссёрлор тарткан 13 мыкты кыска метраждуу тасма сунушталууда.
 
«2025-жылдагы фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, КМШ мамлекеттеринин Гуманитардык кызматташтык боюнча эл аралык фондунун (МФГС), “Маданий кызматташтык фонду” коомдук фондунун, “Айтыш” коомдук фондунун жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун колдоосу менен өтүүдө»,- деп айтылат министрлик таркаткан маалыматта. 
 
Кинофестиваль жаңы таланттарды ачуу менен бирге, маданий диалогдун аянтчасы болуп, гуманитардык байланыштарды чыңдоого жана эстетикалык-руханий баалуулуктарды жайылтууга чоң салым кошот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз