Ош: Борбордук базар 1-майда жылат

Ош шаарындагы Борбордук базар 1-майга чейин көчүрүлөт. Бул тууралуу «Базар» муниципалдык дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматов кабарлады. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Анын айтымында, соодагерлерге 1 жума убакыт берилген. Анткени, жаңы базардагы соодагерле жайгашчу жайлардын эшиктери, буюм тизүүчү жайлары бүтө элек.
 
«Жаңы базардагы соодагерлер жайгашчу жайлардын эшиктери бүтө элек. Буюм-тайымдарын тизүүчү текчелери курулуп жатат. «Ошого окшогон иштерди жасап алгыла» деп бир жума убакыт берилди. Соодагерлер 1-майга чейин көчүрүлөт»,- деди ал.
 
Буга чейин жүзгө жакын соодагерлер Ош мэриясына чогулуп, мэр менен жолугууну суранышкан. Соодагерлер анда мэрияга «Келечек», «Бексултан» жана башка базарлар да жаңы базарга көчсө гана алар да көчөрүн талап кылышкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз