Бишкектеги мектептеги окуучу кыздын өлүмү: Экспертиза дайындалып, күбөлөр суралууда
№31 мектептин окуучусунун каза болушу боюнча экспертизалар дайындалды, деп 17-апрелде парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын айтымында, милиция ошондой эле окуяга күбө болгон окуучуларды жана мугалимдерди суракка алып жатат.
Ал бул каргаша 15-апрелде саат 17:35те болгонун эске салды.
7-класстын окуучусу А.А. (2011-жылы туулган) классташ кызы менен урушуп, аны уруп жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготуп, тез жардам келгиче каза болуп калган.
Урмамбетовдун маалыматына караганда, бул окуя боюнча "этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
«Билим берүү министрлиги мектеп жетекчилигине карата кандай чараларды көрдү?» – деп сурады Кара-Суу шайлоо округунан депутат Илимбек Кубанычбеков.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү адамдар мыйзам чегинде жоопко тартыларын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.