АКШ менен Украина жер казынасы боюнча келишим түзүүгө ниеттенгенин билдирген меморандумга кол коюшту
Украина менен АКШнын өкүлдөрү жер казынасы боюнча келишим түзүүгө ниеттенгенин билдирген меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Украинанын экономика министри Юлия Свириденкого шилтеме берип "CentralAsiа" басылмасы жазды.
«Украинаны калыбына келтирүү инвестициялык фондун түзүүгө даярдык көрүп жатабыз. Тиешелүү келишим чоң инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачып, инфраструктураны жаңылоого жана Украина менен АКШнын өз ара пайдалуу өнөктөштүгүнө жол ачат — командалар дал ушул максатта документ үстүндө иштеп жатышат», — деди министр.
Свириденконун айтымында, эми тараптар келишимдин текстин «акыркы вариантка» келтирип, ага кол коюшу керек. Келишим эки өлкөнүн парламенттери аны ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин тараптар 17-апрелде онлайн режимде меморандумга кол коюшарын жарыялаган болчу. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө 24-апрелде жер казынасы боюнча келишимге кол коюшарын билдирген.
Украина менен АКШ америкалык компаниялардын Украинадагы сейрек кездешкен жер металлдарын казууга артыкчылыктуу мүмкүнчүлүк алышы боюнча келишимди февраль айынын аягында түзүүгө аракет кылышкан. Бирок анда келишим Зеленский менен Трамптын Ак үйдөгү ачык кайым айтышуусунан кийин үзгүлтүккө учураган.
Анын артынан АКШ жер казынасы боюнча жаңы келишимдин долбоорун даярдап чыкты. Анда Украинадагы бардык пайдалуу кен байлыктарга жетүү тууралуу сөз болгон. Украина тарап бул — мүмкүн болгон варианттардын бири экенин, келишим боюнча талкуу уланып жатканын билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.