Нурбек Абдыкадыров Канадда өткөн мелдеште биринчи раундда эле атаандашын нокаут менен утту
Кыргызстандык спортчу Нурбек Абдыкадыров (8-3) аралаш мушташ өнөрү (ММА) боюнча турнирде дагы бир ирет жеңишке жетишти.
Ал 21-февралда Канаданын Торонто шаарында өткөн Unified Mixed Martial Arts лигасынын мелдешине катышты.
Абдыкадыровдун атаандашы — Афганистандан келген, буга чейин жеңилүү ызасын тата элек Билал Насари (6-1) болду.
Беттештин биринчи раундунда кыргызстандык спортчу атаандашын нокаутка кетирип, ишенимдүү жеңишти камсыздады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


