Окуучулардын жазгы эс алуусу 4 күнгө узартылды
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жазгы каникулдарды кыскартууга байланыштуу түшкөн кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алды.
Кабыл алынган чечимге ылайык, 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин жазгы каникулдар узартылды. Ошентип, окуучулардын эс алуу мезгилине кошумча 4 күн кошулду.
Окуу планы толук аткарылышы үчүн бул 4 окуу күнү май айында толукталып окутулат. Натыйжада 2025–2026-окуу жылы мурда пландалгандай 25-майда эмес, 29-майда жыйынтыкталат.
«Акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземи 2026-жылдын 29-майында өткөрүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


