УКМКнын кызматкерин 200 граммдык алтын куймасы менен паралоого аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, бир жаран кызматкерге 200 граммдык алтын куймаларын берип пара берүүгө аракет кылган.

2026-жылдын 23-февралында УКМК тарабынан ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда, тергелип жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн комитеттин кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 даана өлчөмдүү алтын куймасын пара катары берүү учурунда 1978-жылдын 2-майында туулган «Д.Р.Е.» аттуу жаран кармалган.

Азыркы учурда «Р.Д.Е.» УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз