Сот бир тууган Сабырбековдорго өкүм чыгарды. Алар камактан бошотулушту
2024-жылдын 10-октябрында Биринчи Май райондук соту Автандил жана Тариэль Сабырбековдорго карата өкүм чыгарды.
Автандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү, 284-беренесинин 3-бөлүгү жана 282-беренесинин 2-бөлүгү (сатуу максатында баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо) боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыш курамы жок болгондуктан акталган.
Ошол эле учурда ал КЖКнын 267-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (курал-жарактарды жана ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү) күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жазасына тартылды. 2024-жылдын 4-июлунан 2025-жылдын 10-октябрына чейинки камактагы убактысы «камактагы бир күн — эркинен ажыратуунун эки күнү» деп эсептелип, жазасы толук өтөлгөн деп табылды. Ошентип, камактагы бөгөт чарасы жокко чыгарылып, Сабырбеков сот залынан бошотулду.
Тариэль Сабырбеков да «сатуу максатында баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыш курамы жок болгондуктан акталган. Ал КЖКнын 354-беренеси боюнча (прокурордун, тергөөчүнүн же ыкчам иликтөө органынын ишине тоскоолдук кылуу) күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылды. 2024-жылдын 7-июлунан 2025-жылдын 10-октябрына чейинки камактагы мөөнөтү толугу менен эсептелип, бөгөт чарасы жокко чыгарылып, сот залынан бошотулган.
Иш боюнча башка айыпталуучуларга карата да өкүм чыкты:
Т.Н.Э. — бардык айыптоолор боюнча күнөөсүз деп табылып, камактан бошотулду.
М.Д.В. — бир катар беренелер боюнча күнөөсүз деп табылып, бирок КЖКнын 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды.
Т.С.В. — бир катар беренелер боюнча акталган, бирок КЖКнын 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары боюнча күнөөлүү деп табылган.
Белгилей кетсек, Автандил Сабырбеков — президент Садыр Жапаровдун жээн кызы Лаззат Нуркожоеванын мурдагы жолдошу.
2024-жылдын 10-июлунда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдиргендей, Автандил Сабырбековдун негизги максаты — өзүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүн коргоп турган бийликтегилерди («крыша») табуу болгон.
Ал эми Лаззат Нуркожоева 2025-жылдын февраль айында спортчу Амантур Исмаилов менен баш кошкон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.