«Текшерүүлөрдү токтоткула жана бюжетке кол салбагыла». Садыр Жапаров күч органдары жана чиновниктерге кайрылды

Бишкекте 27-февралда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө үч негизги баяндама сунушталды: 2025-жылдагы экономикалык жана каржы секторлорунун, реалдуу сектордун жана социалдык чөйрөнүн жыйынтыктары боюнча отчеттор угулду.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу маселесине токтолуп, Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда негизсиз текшерүүлөргө мораторий киргизилип, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлүп, мыйзамдар өркүндөтүлгөн.

«Өзүнө да, мамлекетке да пайда алып келүүнү каалаган ишкерлер мыйзамдардын коргоосунда экенин жана мамлекеттен сөзсүз колдоо аларын билип жүрүшсүн», — деди президент.

Садыр Жапаров укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө кайрылып, ак ниет ишкерлерди коргоо зарылдыгын эскертти.

«Ишкерлерге негизсиз басым жасоого жол берилбей турганын дагы бир ирет эскертем. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан таза бизнес ар тараптан корголууга тийиш. Ишкер коркуу жана басым алдында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт.

Айыл өкмөт башчыларын, акимдерди, ишкерлерди себепсиз текшерүүнү токтоткула. Аларды тынымсыз отчет талап кылып, негизсиз кабинетке чакырып, ишине тоскоол болбогула», — деп билдирди мамлекет башчысы.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан да чынчылдыкты талап кылды:

«Урматтуу жетекчилер, силер да ачык-айкын иштеп, уурулукка жана коррупцияга аралашпагыла. Кабинетте отура бербей, маселелерди жеринде чечкиле, элге жакын болгула. Эгер “текшерүү жок” деп ойлоп, бюджетке кол салсаңар, анда силерге да кечирим болбойт», — деди президент.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз