Ош шаарынын бюджети 52 пайызга өстү

Ош шаарынын 2026-жылга карата бюджети 2025-сылга салыштырмалуу 152 пайызга өстү. Бул тууралуу “2026-жылга Ош шаарынын бюджети жана 2027-2028-жылдарга пландоо мезгили жөнүндө” токтомунун долбоорунда айтылат. 

Токтом долбооруна ылайык, шаардын бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 780 млн 222 миң 600 сомго көбөйүп, 5 млрд 205 млн 536 миң 400 сом түзөт.

Токтом долбоору төмөндөгүдөй сунушталууда:

Бюджеттин киреше бөлүгү

2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2025-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 152,0 % га өсүп, же болбосо 1 780 222,6 миң сомго көп болуп, 5 205 536,4 миң сомго аныкталды, анын ичинен:
    •    салык кирешелери 3 430 783,8 миң сомду (65,9 % жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;
    •    салык эмес кирешелери 1 174 752,6 миң сом (22,6 % жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;
    •    бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 600 000,0 миң сом (11,5 % жалпы бюджеттен) түздү.

«Кыргыз Республикасынын 2026-жылга Республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга пландуу мезгили жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүчө бекитилди:
    •    киреше салыгы – 100 %;
    •    жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 50 %;
    •    мүлк салыгы – 100 %;
    •    жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүү чегерүүлөр – 20 %
    •    патенттин негизиндеги салык – 100 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.

Ал эми, «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга Республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдардын пландуу мезгили жөнүндө» Мыйзамынын негизинде 2027-жылга Ош шаарынын киреше бөлүгүнүн болжолу 5 407 484,3 миң сом жана 2028-жылга 5 600 922,9 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2026-жылга атайын каражаттарды кошкондо 5 205 536,4 миң сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу 1 780 222,6 миң сомго көбөйгөн.

2026-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөндөгүдөй сунушталууда:
    •    жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 23,2 %;
    •    коргонуу – 0,2 %;
    •    экономикалык маселелер – 12,2 %;
    •    турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр – 36,5 %;
    •    эс алуу, спорт жана маданият – 6,0 %;
    •    билим берүү – 21,1 %;
    •    социалдык коргоо – 0,8 %.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар тармагына 1 206 505,2 миң сом каралууда, анын ичинен:
    •    Ош шаардык Кеңешин каржылоого – 23 543,2 миң сом;
    •    Ош шаарынын Мэриясын каржылоого – 125 272,9 миң сом;
    •    Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясын, Ош шаарынын мэриясынын автоунааларды башкаруу кызматын, Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгын каржылоого – 269 270,2 миң сом;
    •    карыздарды тейлөөгө (тышкы, ички) жана мүлктүк акыларды төлөөгө – 484 418,9 миң сом;
    •    мэриянын резервдик фондуна – 50 000,0 миң сом;
    •    бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары – 254 000,0 миң сом.

Коргоо тармагына 10 945,9 миң сом каралууда, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 715 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобого ылайык райондук аскер комиссариаттарынын кеңсе, техникалык, аскердик-учеттук персоналдарын КҮТҮҮ, ошондой эле жыл сайын жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакырууга байланыштуу Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык топтоо пунктунун кеңсе тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акыларына, коммуналдык төлөмдөрүнө, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдарына жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) каралууда.

Экономикалык маселелерге 633 963,5 миң сом каралууда, анын ичинен:
    •    “Ош шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасына жеңилдиктерден пайдалануу укуктуу жарандардын жол акысына субсидия берүүгө – 80 000,0 миң сом;
    •    “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын титулдук баракчасына – 500 000,0 миң сом;
    •    Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына – 26 481,2 миң сом;
    •    Ош шаарынын мэриясынын “Санарип Ош” муниципалдык ишканасына – 23 482,3 миң сом;
    •    “Сүт ашканасы” муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 4 000,0 миң сом;

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 1 898 470,3 миң сом каралууда, анын ичинен:
    •    “Оштоо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына – 425 496,4 миң сом;
    •    “Ошсвет” муниципалдык ишканасына – 136 599,6 миң сом;
    •    Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросуна 24 194,4 миң сом;
    •    “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасына – 39 208,7 миң сом;
    •    Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 969 721,2 миң сом;
    •    Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 300 000,0 миң сом;
    •    бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 3 250,0 миң сомду түзүүдө.

Эс алуу, спорт жана маданият тармагына 312 513,3 миң сом каралууда, анын ичинен:
    •    маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 65 216,4 миң сом;
    •    Ош шаардык борборлоштурулган китепканасына – 17 219,5 миң сом;
    •    маданият үйлөрүн кармоо – 2 754,5 миң сом;
    •    А.Сүйүмбаев атындагы “Ош шаардык стадиону” жана “Алай” футболдук клубу муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 150 000,0 миң сом;
    •    “Ош шамы” гезитине субсидия берүүгө – 6 000,0 миң сом;
    •    “ОшТВ” телерадиокомпаниясына субсидия берүүгө – 5 000,0 миң сом;
    •    Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна – 5 908,2 миң сом;
    •    фольклордук-эстрадалык топторуна – 29 418,0 миң сом;
    •    маданият жана жаштар башкармалыгынын, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин аппараттарын каржылоого – 30 496,7 миң сом.

бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 500,0 миң сомду түзүүдө.
Билим берүү тармагына 1 101 547,0 миң сом каралууда, анын ичинен:
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүүчү уюмдарындагы 1–4-класста окуган окуучулардын тамак-ашына – 122 225,9 миң сом, “Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдардын тамак ашына – 1 766,6 миң сом, № 11 В.Терешкова мектеп-интернатынын жана №12 атайын көмөкчү мектебинин тамак ашына – 22 664,4 миң сом, кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги № 40 Наристе мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак ашына – 2 200,0 миң сом жана спорт мектебинин тамак ашына – 1 760,0 миң сом;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу билим берүү мекемелеринин жана мектептен тышкаркы мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө (байланыш кызматы, суу, электроэнергия, жылуулук, көмүр сатып алууга) – 288 076,7 миң сом;
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине караштуу спорт мектептериндеги кызматкерлердин эмгек акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө – 76 386,3 миң сом;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын борборлоштурулган эсепканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө – 5 291,2 миң сом;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү мекемелерине жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, ошондой эле мектептен тышкаркы мекемелерге (спорт мектептери, балдар үйү, балдардын чыгармачылык борборлору) эмеректерди сатып алууга – 93 618,9 миң сом;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү мекемелерин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине – 50 000,0 миң сом, учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 12 000,0 миң сом жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна оңдоп-түзөө иштерине 200,0 миң сом;
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына чарбалык максаттагы буюмдарды жана материалдарды сатып алууга – 13 000,0 миң сом;

билим берүү мекемелеринин күзөт кызматына, таштандыларды чыгарууга, залалсыздандырууга жана башка чыгымдарына – 70 407,0 миң сом;
билим берүү мекемелеринин атайын каражаттары 341 950,0 миң сомду түзүүдө.
Социалдык коргоо тармагына 41 591,2 миң сом каралууда, анын ичинен:
Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларга – 6 200,0 миң сом;
“Боорукердик” үй-интернатына – 23 618,4 миң сом;
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборуна – 5 871,5 миң сом;
“Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек” муниципалдык мекемесине – 3 135,7 миң сом;
Кыргызстан элинин ассамблеясына – 1 393,5 миң сом;
Ардагерлер Кеңешине – 1 074,1 миң сом сунушталууда;
бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 300,0 миң сомду түзүүдө.
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрү 2027-жылга 5 407 484,3 миң сом, 2028-жылга 5 600 922,9 миң сомго сунушталууда.

Ачык булактардан алган маалыматына ылайык, Ош шаарынын бюджети акыркы 8 жылдагы өсүү темпи төмөндөгүчө болгон:

2018-жылы 940 млн. сом;
2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом;
2020-жылы 1 млрд. 325 млн. 613 миң сом;
2021-жылы 1 млрд. 357 млн. 700 сом;
2022-жылы 1 млрд. 600 млн. сом;
2023-жылы 2 млрд. 509 млн 306 сом;
2024-жылга 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сом;
2025-жылы, 3 млрд 425 млн 313 миң сом деп бекиген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз