Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди тууган, аяш үкөлөрдү кызматка албоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кадрдык дайындоолордо жана туугандарды жумушка алууда мыйзам бузууга жол берилбеши керектигин эскертип, аткаминерлерге катуу эскертүү берди.

27-февралда өткөн республикалык кеңешмеде мамлекет башчысы жарандарды кызматка кабыл алууда мыйзам талаптарын так сактоо жана тааныш-билиштикке жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи.

«Жарандарды жумушка аларда мыйзам бузууга жол бербегиле. Өзүңөрдүн тааныштарыңарды, бир туугандарыңарды, туугандарыңарды, өкүл балдарды, аяш-үкөлөрдү же жердештерди кызматка орноштурбагыла. Эгер мындай мыйзам бузуулар аныкталса, ишиңерде мыкты адис болсоңор да кызматтан бошотуласыңар», — деди ал.

Президент ар бир жетекчи жана кызматкер өз иши менен түздөн-түз алектенип, милдеттерин ак ниет аткарышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, ушундай мамиле болгондо гана бийлик өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кылган натыйжалуу куралга айланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз