Жогорку Кеңештин ишин Жасалма интеллект чагылдырат. Видео
Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишин адамдар гана эмес, жасалма интеллект дагы чагылдырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ЖИ-теле алып баруучулары «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» депутаттардын иши жөнүндө айтып берип, күндүн жыйынтыгын чыгарып, коомчулукка жуманын окуялары тууралуу ыкчам, так жана ыңгайлуу санариптик форматта маалымат беришет.
«Жасалма интеллектти колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле коомдун өз убагында ачык-айкын маалымат алуусуна шарт түзүп, парламенттин стратегиялык маанилүү чечимдерге көңүл буруусуна мүмкүндүк берет.
Бул демилге Төрага Марлен Маматалиевдин парламенттин ишин санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
«Мырза» жана «Айым» – мыйзам чыгаруу органынын ишин өнүктүрүп, жарандар менен болгон байланышты жакшырта ала турган инновацияларды көрсөтүүчү алгачкы долбоорлордун бири.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


