Ош шаардык кеңешинин сессиясында жаңы базар жана Мырзакматовдун жерлери көтөрүлдү
Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда.
Күн тартибине 9 маселе коюлган.
Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.
"Жаңы Кыргызстан" фракциясынан депутат Нускат Акматов жаңы автовокзалдын жанындагы валюталардын бузулганы айтылганын белгилеп, кайра куруу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтогон уулу ал жерлер жаңы автовокзалдын жери болуп, мыйзамсыз өтүп кеткенин, сот иштери жүрүп жатканын айтты.
Депутат Бекболот Арзибаев шаардын карызын сурады.
Мэр Жанар Акаев карыз маселеси боюнча Эсептөө палатасы тарабынан текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы боюнча жооп берерин билдирди.
Ошондой эле эл өкүлү экс-мэр Мелис Мырзакматовдун мыйзамсыз ээлеп алган жерлери боюнча сурады.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жакшылы Токтогон уулу ал боюнча сот иштери жүрүп жатканын, бирок бир да жер муниципалдык менчикке өтө электигин белгиледи.
Мындан тышкары, депутат жаңы "Ош" базары боюнча маселени айтып, базар бүгүнкү күнгө чейин эксплуатацияга бериле электигин билдирди.
Өз кезегинде биринчи вице-мэр базар боюнча инвентаризациялоо иштер жүрүп жатканын жана укук коргоо органдары иштеп жатканын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



