"Хоп, лаппай" дегендер бар": Депутат Жанар Акаевге эскертти
Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда.
Күн тартибине 9 маселе коюлган.
Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.
Депутат Шайырбек Нуранов Жанар Акаевге кайрылып: "Мен буга чейин 5 мэрге кайрылдым. Сиз алтынчысы мэрсиз. Ош шаарын таза суу менен камсыздап келген Озгур айылынын өзүндө таза суу жок. Көп мэр "чечебиз" дейт, бирок үлгүрүшпөдү да. Ушул боюнча сиздин сөзүңүздү уксам".
Жанар Акаев депутат менен бирге жеринде көрүп келүүнү сунуштады.
Нуранов: Командаңызды чогулттуңуз. Командаңыздын арасында ээрчиме жетекчилер бар. Баары эмес, айрымдары. Мына мурда Навои паркына "50 миң түп дарак эгебиз" десе, макул деген кадрлар бар. "Хоп, лаппай" деген кадрлар бар. Ошолордон этият болсоңуз.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


