Ош шаарынын башкы планын иштеп чыгууга 238 млн сом талап кылынат
Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда.
Күн тартибине 9 маселе коюлган.
Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.
Анда депутат Кутманалы Абдрахман уулу Ош шаарынын башкы планынын иштөө жараянын сурады.
Шаар куруу жана регионалдык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Өмүралиев Курулуш министрлигинин астындагы департамент Ош шаарынын башкы планын иштеп жатканын айтып, буларга токтолду.
"Шаардын мурдагы башкы планы 2016-жылы бекитилип, 2025-жылга чейин жарактуу болгон. АТРдин алкагында Ош шаары эки эсе кеңейгендиктен жана башкы пландын мөөнөтү бүтүп калганы үчүн жасалып жатат. Курулуш министрлигинин алдындагы департамент жана жергиликтүү тиешелүү мекемелер сметасын иштеп чыгып, 238 млн 919 миң сом деп чыгарды",- деди ал.
Кутманалы Абдрахман уулу быйыл бюджеттен башкы планга канча акча бөлүнөрүн сурады.
Биринчи вице-мэр быйылкы жылга жергиликтүү бюджеттен башкы планга 60 млн сом каралганын айтты.
Депутат цифраны тактоону суранды. Анткени, Архитектура башкармалыгы 238 млн сом деп жатканын эскертти.
Ошондой эле эл өкүлү Сулайман-Тоонун буфердик аймагы 5000 гектарды түзөрүн, анын концепциясы боюнча канча смета түзүлгөнүн сурады.
Мирлан Өмүралиев өз кезегинде: "Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Коргоо чөлкөмдөрүндө жаңы пландалып жаткан чарбалык курулуш аракеттердин “Сулайман-Тоо ыйык тоосу” Бүткүл дүйнөлүк мурас объектсине жана деталдык пландоо долбоорунун курамында Ош шаарынын тарыхый борборунун архитектуралык-пландоо өнүктүрүү (шаар курууну реконструкциялоо) концепциясынын тийгизген таасирин баалоо үчүн 3 млн 123миң 760 сом деп бекиткенин айтты.
Абдрахман уулу Самарканд шаарындагы окуяны эске салып, Кыргызстандын кадыр-баркы ар кандай долбоорлордун жогору турарын айтты.
" Өзбекстандын Самарканд шаарында 16 кабаттуу үй ЮНЕСКО тарабынан корголгон аймакка курулуп калып, снос болгон", - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


