Депутат Жанар Акаевге жетекчилерди тыкыр карап турууну тапшырды

Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда. 

Күн тартибине 9 маселе коюлган. 

Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.

Депутат Медер Абдыманапов мэрге жетекчилерди тыкыр кароону сунуштады.

"Сиз биринчи келгенде "президент ишкерлерди колдо" деп жөнөттү" деп келдиңиз. 

Мына Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчылары болуп жүргөн адамдардын 90 пайызы камалды. Анткени, ГЧП жана башка долбоор жең ичинен болуп, жаратман ишкерлерге эмес, жакындарына берилип кеткен учурлар болгон деген сөздөр бар". 

Ошондой эле депутат Геологдор шаарчасындагы "Кыргызстандын 40 жылдыгы" мектебинин терезелерин , Тешик-Таш базары тараптагы балдар бакчасын оңдоо боюнча сунуштарды айтып, мугалимдерди окутуу иштери Ошто эле жүрбөй, туристтик аймактарда да жүргүзсө болорун кошумчалады. 

Жанар Акаев: "Медер Арстанбекович, сиз билесиз, азыркы иштеп жаткан Билим берүү мыйзамынын негизги автору катары мен да ушул тармакка кам көрүүнү колдойм. Жогоруда сиз айткан сунуштарды карайбыз", - деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз