Кыргызстанда ЖМК жана соцтармактарда жалган маалымат тараткан тараптарга айып пул салуу сунушталды
Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) жана социалдык тармактарда жалган маалымат тараткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул салуу сунушталууда. Бул тууралуу Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда айтылат, деп жазат "Азаттык" басылмасы.
Маалыматка караганда, документти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги даярдап, ал 4-мартта Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде фейк аккаунттар социалдык тармактарда коомдук тартипти бузууга жана кырдаалды туруксуздаштырууга алып келери белгиленген.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, соцтармактарда же ЖМКларда жалган маалымат тараткан жарандарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат.
10-февралдан тартып Кыргызстанда жалаа жабууга жана мазактоого байланыштуу дагы бир мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай фактылар боюнча арыздарды кабыл алып, териштирүү жүргүзөт. Эгер жаран жалган маалымат тараткан деп табылса, ал 20 миң сом, ал эми медиалар 65 миң сом айыпка жыгылат.
Бул мыйзам долбооруна жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар каршы экенин билдиришти. Алар бул чаралар Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектейт деп кооптонушат.
2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине соттун чечимисиз эле фейк маалымат таратты делген медианы эки айга жабуу укугу берилген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.