Ош шаарынын бюджети: 2025-жылы кайсы тармакка канча сом берилет?

Ош шаарынын 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландоо маселеси боюнча коомдук угуу өтүп, анда жергиликтүү бийлик сунуштаган бюджеттик долбоор тааныштырылды. Бул иш-чаранын негизги максаты – шаар тургундарына бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу маалымат берүү жана коомдук пикирди эске алуу болуп саналат.
 
Долбоорго ылайык, 2025-жылга карата Ош шаарынын бюджети 3 млрд 425 млн 313 миң сом деп белгиленди. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 414 млн 397 миң 70 тыйынга же 113,8%га көбөйгөн. Бирок бул өсүш шаардыктардын жашоо сапатына кандай таасир этет деген суроо ачык бойдон калууда.
 
Бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүнө назар салсак, негизги артыкчылык инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык тейлөө тармагына жана маданий иш-чараларга берилген. Мисалы, "Ошасфальтсервис" ишканасына 350 млн сом бөлүнүп, жолдорду оңдоого жана асфальттоо иштерине басым жасалмакчы. Бирок бул каражаттар шаар тургундары күткөндөй натыйжалуу пайдаланылышын камсыздай алабы деген суроо жаралат. Буга чейин да жолдорду оңдоого олуттуу каражат бөлүнүп келген, бирок кээ бир аймактарда сапатсыз оңдолгон жолдор кездешкен.
 
Мэриянын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына 6 млн 73 миң сом каралышы шаардагы азык-түлүк коопсуздугуна кандайдыр бир салым кошушу мүмкүн. Бул каражат айыл чарба продукциясынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн кандай колдонуларын коомчулук билиши керек. Ошол эле учурда "Санарип Ош" долбоору үчүн 18 млн сом бөлүнгөнү санариптештирүү багытында иш алып барыларын көрсөтөт, бирок бул каражат кандайча колдонулары азырынча белгисиз бойдон турат. Шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча буга чейин да демилгелер көтөрүлгөн, бирок алардын толук ишке ашпай жатканы көптөгөн суроолорду жаратат.
 
Ош шаардык муниципалдык ишканаларына жана тейлөө тармагына 952 млн 704 миң сом бөлүнгөнү коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртабы же адаттагыдай эле натыйжасыз долбоорлорго жумшалабы деген маселе турат. Бул жагынан жергиликтүү бийлик ачык-айкындуулукту камсыздап, шаардыктарга отчет берүүсү зарыл. Ош шаарынын жашоочулары үчүн таза суу, электр энергиясы жана тазалык маселеси ар дайым курч бойдон калууда. Ошондуктан, бул тармакка бөлүнгөн каражат натыйжалуу пайдаланылышы керек.
 
Маданият жана спорт тармагына да олуттуу каражат каралган. Атап айтканда, маданий иш-чараларга 48 млн 650 миң сом бөлүнгөнү жатат. Ошондой эле, "Алай" футбол клубуна жана А. Сүйүмбаев стадионуна 115 млн сом каралган.
 
Ал эми “Ош шамы” гезити 3 млн сом алса, “ОшТВ” телеканалы 2 млн сом субсидия ала турган болууда.
 
Билим берүү тармагына 938 млн 770 миң сом каралган. Шаардык бюджеттин эң чоң бөлүгү билим берүү тармагына жумшалары кубандырат, бирок мугалимдердин айлык маянасы, мектептердеги оңдоо иштери жана жаңы мектеп куруу маселеси кандайча чечилери азырынча белгисиз. Ош шаарында жаңы мектептерге муктаждык жылдан жылга өсүүдө, айрыкча кээ бир аймактарда класстар ашыкча жүктөм менен иштеп жатат. Демек, бул багыттагы иштердин кандай аткарылары коомчулуктун көзөмөлүндө болушу керек.
 
Социалдык коргоого бөлүнгөн 30 млн 547 миң сом аздык кылабы же жетиштүүбү? Жардамга муктаж тургундардын саны менен салыштырганда, бул каражат аз көрүнүшү мүмкүн. Бул багытта да жергиликтүү бийлик иш-чараларын күчөтүп, аяр катмарды колдоого артыкчылык бериши шарт. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой энелерге мамлекеттик колдоо тийиштүү деңгээлде жетеби деген суроо жаралат.
 
Жалпылап айтканда, Ош шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоору негизинен шаардык инфраструктура, билим берүү жана маданий иш-чараларга багытталган. Бирок бул каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо үчүн коомдук көзөмөл жана ачык-айкын отчеттуулук болушу шарт. Болбосо, кезектеги бюрократиялык бөлүштүрүү болуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан, шаардыктар өз бюджетинин кайсы багыттарга жумшаларын тыкыр көзөмөлгө алып, активдүү катышуусу зарыл. Жергиликтүү бийлик коомчулуктун пикирин эске алып, бюджеттик каражаттардын натыйжалуу колдонулушун камсыз кылууга тийиш.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз