1-июлдан тарта Кыргызстандагы 3 жашка чейинки ар бир балага жөл пул бериле баштайт
Эл аралык аялдар күнү – 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдар үчүн жаңы ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөкпул – «Бала ырысы» программасын киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тарта башталат. Бул жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Анын өлчөмү ай сайын 1200 сом болот.
Мамлекет башчысы бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын айтты.
Бул боюнча ал мындай деп түшүндүрдү:
«Мамлекет башчысы катары мамлекеттик жөлөкпул системасына байланыштуу түшкөн арыз-даттанууларды, аны алуу дээрлик жеңилбес тоскоолдуктарга айланып калганын көрүп жатам. Көптөгөн энелердин чыныгы муктаждыктары көп учурда көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана чексиз бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болушууда.
Айрыкча кеп эмчектеги балдар тууралуу болгондо мындай көрүнүш таптакыр жол берилгис. Дал жашоонун алгачкы жылдарында адамдын эң маанилүү физикалык жана акыл-эс жөндөмдөрү калыптанат жана алар өмүр бою сакталат.
Ошондуктан бүгүнкү жарлык менен Министрлер кабинетине «Бала ырысы» аттуу жаңы жөлөкпулду киргизүүнү иштеп чыгууну тапшырдым. Биз билебиз: ар бир бала өз ырысы, өз бактысы жана берекеси менен төрөлөт.
Албетте, кээ бирөөлөр бул жерде кыянаттык болушу мүмкүн дешет. Бирок мен мындай деп эсептейм: мамлекет чындап муктаж эмес адамдарга бир аз ашыкча жөлөкпул төлөп койгону жакшы, бирок чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы керек.
Мен бир дагы бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстанды куруп жатам. Биз эмне кылсак да балдарыбыз жана Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн жасап жатабыз. Башталган экономикалык өсүш жакынкы жылдары жакырчылыкты жеңүүгө гана эмес, ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп ишенем».
Жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңге жакын бала жашайт
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


