ЖК Канатбек Чыныбаевдин талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына жактырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 11-мартта Канатбек Чыныбаевдин талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына жактырды.

Катталган 87 депутаттын ичинен 81 депутат колдоп добуш берди.

Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Канатбек Чыныбаев 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз