Садыр Жапаров: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын кызматына талапкер болгон 10 адамдын 9у коррупционер болуп чыкты
Садыр Жапаров 11-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган талапкерлердин көбү коррупциялык иштерге аралашканы аныкталганын билдирди.
Анын айтымында, бул кызматка талапкерлерди тандоодо жалпысынан 10 адам каралган.
«Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган 10 талапкердин 9у коррупцияга аралашканы аныкталды. Алар боюнча ушундай жыйынтык чыкты. Дээрлик ар бир талапкер боюнча ар кандай фактылар табылып жатты. Бирөөнү карасаң — бир ишке аралашкан болуп чыгат. Экинчисин сунуштасаң — башка ишке аралашкан. Үчүнчүсү — ар кандай схемаларга катышкан», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы ушуга байланыштуу кадрдык резерв тууралуу суроо жаралганын айтты.
«Чын эле Кыргызстанда министр боло турган таза, татыктуу кадр калбай калдыбы?» — деп белгиледи ал.
Президент мамлекеттик кызматкерлер кызматка киришерде ант беришерин эске салды.
«Баарыбыз жумушка киргенде ант бергенбиз. Ошол антка бекем туруп, элге жана мамлекетке кызмат кылыш керек», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.
10-мартта Садыр Жапаров жарлыгы менен Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун айтымында, министрдин кызматтан алынышына анын мурда министрдин орун басары болуп турган учурда пара алган болушу мүмкүн деген шек себеп болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


