Сауд Арабиясынан 142 кыргызстандык жаран кайтып келди, - ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча кезектеги репатриациялык иш-чаралар этабы аяктады.

15-март күнү саат 06:30да "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан учуп келген учак конуп, анын ичинде Кыргызстандын 142 жараны болгон.

Буга чейин маалымдалгандай, биринчи этапта Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринде жүргөн кыргызстандыктар атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген.

Тышкы иштер министрлиги жарандарга кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө баруудан убактылуу карманып турууну сунуштайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз