Туруксуздукту жаратуу жана провокацияларды жасоо аракеттери катуу токтотулат, - ИИМ башчысы
19-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ичинде ички иштер министри Улан Ниязбеков төрагалык кылган онлайн-кеңешме өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын биринчи кварталы боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, ошондой эле алдыдагы мамлекеттик маанидеги майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери каралды.
Ага ылайык, 20-марттан 22-мартка чейин милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана Орозо Айт менен Нооруз майрамдарына байланыштуу өткөрүлө турган иш-чаралар өтчү жерлерде милициянын кайгуулдары көбөйтүлөт. Жалпысынан 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
«Коомдук абалды туруксуздаштырууга болгон ар кандай аракеттер, жалган маалыматтарды таратуу жана провокациялык иш-аракеттер өз убагында аныкталып, катуу токтотулушу керек», — деп белгиледи Ниязбеков.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


