Көп аялдуулук иши: Сот Нурлан Мотуевге жалган жалаа үчүн 20 миң сом айып салды
Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту 4-февралда Нурлан Мотуевге карата чечим чыгарган. Бул тууралуу 23-мартта Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы «Сводка АКИpress» редакциясына билдирген.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну Хабиби Уланова Мотуевге каршы арыз жазып, аны жалаа жапты деп айыптаган.
Сот Мотуевди КРнын Укук бузуулар кодексинин 107¹-беренесинин 2-бөлүгү («Жалаа — башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын аброюна доо кетирген, алдын ала жалган экени белгилүү болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, интернет сайтта же интернеттеги баракча аркылуу таратуу») боюнча күнөөлүү деп таап, 20 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.
Ошондой эле Уланова мурдагы жарандык күйөөсү — Чүй облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров менен соттошуп жатканы айтылды. Буга чейин ал милицияга арыз жазып, анын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси («Эки аял алуу жана көп аял алуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Октябрь райондук сотунда каралууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


