УКМК соцтармактарда укук коргоо органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөр боюнча маалыматтарга жооп берди

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) интернетте тараган күч түзүмдөрүндөгү кадрдык дайындоолор тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

УКМКнын маалыматына ылайык, акыркы убакта ЖМКларда жана социалдык тармактарда айрым дайындоолор сынга алынып, кээ бир кызмат адамдарынын «саясий амбициялары» жана расмий эмес таасири тууралуу дооматтар айтылып жатат.

«Мындай билдирүүлөр фактылар менен тастыкталган эмес жана көп учурда анонимдүү булактарга негизделет, бул алардын ишенимдүүлүгүнө шек жаратат. Мамлекеттик органдардагы кадрдык дайындоолор мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлөт. Мында талапкерлердин кесиптик тажрыйбасы, билим деңгээли, ошондой эле ишкердик жана моралдык сапаттары эске алынат», — деп айтылат пресс-релизде.

УКМК кызматка ылайыксыздык тууралуу конкреттүү далилдерсиз айтылган билдирүүлөрдү негизсиз деп атады.

Мекеме журналисттерди жана социалдык тармак колдонуучуларын расмий булактардагы такталган маалыматтарга гана таянууга чакырды.

Ошондой эле УКМК тастыкталбаган маалыматтарды таратуу коомчулукту адаштырып, мамлекеттик институттарга зыян келтириши мүмкүн экенин белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз