Садыр Жапаров "Түндүктү" Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берди

Президент Садыр Жапаров «Түндүк» ачык акционердик коомун Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Министрлер кабинетинин атынан акционердин функциялары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча президенттин 2025-жылдын 17-мартындагы №91 жарлыгына өзгөртүү киргизилип, 5-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп табылды.

Президенттин Иш башкармалыгына тиешелүү министрлик менен биргеликте зарыл чараларды көрүү, ошондой эле мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте «Түндүк» ААКнын пайдалануу укугуна өткөрүп берүү милдети жүктөлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз