Дарыгерлер жолбун иттер талап салган баланын абалы тууралуу маалымат беришти

Бишкек шаарындагы шаардык балдар ооруканасынын маалыматына ылайык, иттер кол салган бала учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор деп бааланууда.

Окуя Калыс-Ордо-2 конушунда болгон. 2020-жылы туулган бала оюн аянтчасында ойноп жатып, болжол менен коңшу үйдүн короосуна кирип кеткен учурда ага үч ит кол салган.

Жабыркаган балага алгачкы медициналык жардамды ошол жердеги тургундар көрсөтүп, андан соң аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Саат 19:10до бала ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлер шашылыш операция жасашкан. Медициналык корутунду боюнча, учурда баланын абалы оор, ал жандандыруу бөлүмүндө.

Операциядан кийин балага кутурмага жана столбнякка каршы эмдөөлөр жасалды. Дарыгерлердин айтымында, абалы жакшырса, жакынкы күндөрү аны кадимки палатага которушат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз