ӨКМ: Кыргызстанда 11 млн кубометр уран калдыктарын залалсыздандыруу боюнча иштер жүрүүдө
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уран калдыктарын рекультивациялоо (кайра калыбына келтирүү) долбоорлорун ишке ашырып, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өзүнүн «тарыхый миссиясын» улантууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Совет доорунан калган уран өндүрүшүнүн хвостохранилищелери (калдык сактоочу жайлары) жана тоо үймөлөрү көп жылдар бою айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратып келген. Акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык уюмдардын колдоосу менен аларды рекультивациялоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат, бул иштерди координациялоо ӨКМге жүктөлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө министрликтин карамагында 60 радиоактивдүү жана уулуу объект бар. Алардын ичинде 33 хвостохранилище жана 27 тоо калдыктарынын үймөлөрү бар. Жалпы калдыктардын көлөмү болжол менен 11 миллион кубометрди түзөт.
Бул объекттердин басымдуу бөлүгү Майлуу-Суу шаарында жана төмөнкү аймактарда жайгашкан:
• Майлуу-Суу — 23 хвостохранилище жана 13 тоо үймөсү
• Шекафтар айылы — 8 тоо үймөсү
• Сумсар айылы — 3 хвостохранилище
• Кызыл-Жар айылы — 1 тоо үймөсү
• Мин-Куш айылы — 4 хвостохранилище жана 4 тоо үймөсү
• Кажы-Сай айылы — 1 хвостохранилище
• Кан айылы — 3 хвостохранилище
• Кара-Таш айылы — 1 тоо үймөсү (Төө-Моюн)
Маалыматта белгиленгендей, бул долбоорлорду ишке ашырууда ӨКМдин Калдык сактоочу объекттер менен иштөө департаменти негизги роль ойнойт. Бул департамент 2010-жылы түзүлгөндөн бери уран өндүрүшүнө байланыштуу бузулган объекттерди калыбына келтирүү жана рекультивациялоо иштерин жүргүзүп келет.
Департамент директорунун орун басары Кылычбек Апиев билдиргендей, иштер объекттерди тейлөөнү, калыбына келтирүүнү жана уран казуудан кийин калган көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү камтыйт. Ошол эле учурда мониторинг жүргүзүүнүн ыкмалары да жаңыртылууда.
ӨКМ маалымдагандай, негизги артыкчылык — экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу. Бул максатта радиациялык фон, топурактын абалы, жер астындагы жана жер үстүндөгү суулар туруктуу негизде көзөмөлдөнүп турат. Бардык иштер эл аралык стандарттарга ылайык жана радиациялык коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
Иш учурунда заманбап жабдуулар колдонулат. Алардын ичинде беларус жана америкалык өндүрүштөгү дозиметрлер, радиометрлер, ошондой эле координаттар менен маалыматтарды так каттоого мүмкүндүк берген көчмө GPS түзмөктөр бар. Ошондой эле радон сыяктуу радиоактивдүү газдарды аныктоого өзгөчө көңүл бурулат.
Гидрогеолог Гулмира Молдогазмиева жүргүзүлгөн иштерге оң баа берип, мурда айрым аймактарда, айрыкча Кажы-Сайда жер алдындагы суулар булганганы катталганын, бирок рекультивациядан кийин абал кыйла жакшырганын белгиледи.
ӨКМ билдиргендей, иштерди баштар алдында калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Себеби бул долбоорлор радиация маселеси менен байланыштуу болгондуктан, жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратышы мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


