Мунарбек Сейитбек уулу Түркиядагы мелдеште алтын медаль жеңди
Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу Түркияда өткөн эл аралык бокс турниринде жеңүүчү болду.
Эсеп боюнча 34-жолу уюштурулган Ahmet Cömert турнири 30-марттан 5-апрелге чейин Стамбул шаарында өттү.
Турнирдин акыркы күнү — 5-апрелде финалдык беттештер болуп өттү.
Сейитбек уулу мелдешти 1/8 финалдан баштап, удаасы менен төрт жеңишке жетишип, 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту.
60 кг чейин салмак категориясы
1/8 финал
Тилав Супонов (Өзбекстан) — Мунарбек Сейитбек уулу — 0:5
(27-30, 27-30, 26-30, 27-30, 27-30)
1/4 финал
Мунарбек Сейитбек уулу — Дарси О’Мэлли (Австралия) — 4:1
(29-28, 30-27, 30-27, 28-29, 30-27)
Жарым финал
Денис Брил (Германия) — Мунарбек Сейитбек уулу — 0:5
(27-30, 28-29, 28-29, 28-29, 27-30)
Финал
Иван Завадский (Украина) — Мунарбек Сейитбек уулу — 0:5
(28-29, 28-29, 28-29, 28-29, 28-29).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



