Бишкекте кайрадан «Пахта» деген лакап ат менен белгилүү мушкер Мурат Рамонов кармалды

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери Мурат Рамонов кармалганын 5-апрелде Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

3-апрелде саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде патрулдук милиция кызматкерлери «Лисян» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу документтерин көрсөтүүдөн жана унаадан түшүүдөн баш тартып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Патрулдук кызматкерлер аны кууп барып, жакынкы көп кабаттуу үйдүн короосунда кармашкан. Айдоочу унаасы менен короого кирип, дарбазаны жабууга аракет кылган. Инспекторлор аймакка кире алышып, алардын ортосунда түртүшүү болгон. Анын жүрүшүндө айдоочу милиция кызматкерлерин кемсинтип, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.

Тартип бузган жаран кармалып, ал 36 жаштагы Мурат Рамонов экени аныкталган. Ал наркологиялык борборго жеткирилип, текшерүүнүн жыйынтыгында баңгизаттык мас абалда экени аныкталган.

Рамоновго карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлгөн. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга (ИВС), андан соң Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу камерасына киргизилген.

Соттун чечими менен ал Бишкек ШИИББнин атайын кабыл алуучу жайына 3 суткага камалган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси («Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголгон. Анын үйүн тинтүү учурунда күрөң-жашыл түстөгү зат салынган ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бул зат баңгизат — гашиш экени аныкталган.

Бул Рамоновдун биринчи жолу кармалышы эмес.

2023-жылдын 30-октябрында УКМК кызматкерлери Рамоновду кармашкан. Ал кылмыш жолу менен алынган активдерди мыйзамдуу көрсөтүү максатында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевге таандык мүлктөрдү өз атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп берген деп шектелген. (Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМК тарабынан жок кылынган.)

2024-жылдын 10-январында сот аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошоткон, ал эми 2024-жылдын 2-августунда Рамоновго карата кылмыш иши токтотулган.

Анын аты кайрадан 2026-жылы чыкты. 14-февралда кыргызстандык социалдык тармактарда спортчулардын, ишкерлердин, УКМК кызматкерлеринин, майда чиновниктердин, милиция кызматкерлеринин жана башка адамдардын сүрөттөрү камтылган видео тараган. Видеонун авторлору аларды мурдагы УКМК төрагасы Элдар Жакыпбековго тиешелүү делген «40 чоро» тобуна киргизишкен. Алардын арасында Рамонов да болгон жана видеодо ага «Пахта» деген каймана ат берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз