Казакстанда «Шоптыкөл» дамбасы жарылды
Казакстандын Акмола облусунун Коргалжын районунда «Шоптыкөл» дамбасы жарылып, окуя болгон жерге шашылыш кызматтар жөнөп кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Коргалжын районунда “Шоптыкөл” дамбасынын жарылышы катталды. Гидротехникалык курулуш Сабынды айылынан 2 чакырым түндүк тарапта жайгашкан», — деп айтылат маалыматта.
Жарылуунун кесепеттерин жоюуга ӨКМ кызматкерлери, полиция жана жол кызматтары тартылды. Жалпысынан иш-чарага ӨКМдин 170тей кызматкери жана 43 техника бирдиги катышууда.
Адистер дамбаны бекемдөө, инерттик материалдарды төгүү жана сууну башка нукка буруу иштерин башташты.
«КазАвтоЖол» улуттук компаниясынын маалыматына ылайык, дамба жарылгандан кийин суу талаалар аркылуу жайылып, калктуу пункт тарапка багыт алууда жана Астана – Коргалжын республикалык автоунаа жолунун 75-чакырымында өтүүдө.
«Жолдун үстүнө суу ашып кеткен жок», — деп ишендиришти компаниядан. Ошондой эле бул тилкеде суу өткөрүүчү түтүк кадимки режимде иштеп, сууну толук өткөрүп жатканы айтылды.
Мындан тышкары, жол жууп кеткен эмес жана бузулган жок.
Сабынды айылы Казакстандын Акмола облусунда, Астана шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда 1 миңден ашуун адам жашайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


