ЖКнын депутаты Абдылдабек Эгембердиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды
Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.
Эгембердиев парламентке №19 шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Ал «Ынтымак Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү жана Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде иштеп келген.
Буга чейин төмөнкү депутаттар да өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан:
— Эльдар Сулайманов
— Нурланбек Тургунбек уулу
— Кундузбек Сулайманов
— Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалган
— Куванычбек Конгантиев
— Курманкул Зулушев
— Шайырбек Ташиев
— Нурланбек Азыгалиев
— Гулсункан Жунушалиева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


