Бишкек мэриясы Салижан Шариповго ысымы түшүрүлгөн кол саат тапшырды
10-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эки жолку Баатыры, Орусия Федерациясынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы Айбек Жунушалиев космонавттын өзгөчө жетишкендиктери жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыймыктанарын белгиледи.
«Биз сиз сыяктуу инсандар менен сыймыктанабыз. Сиздер өсүп келе жаткан муун үчүн мыкты үлгүсүздөр. Бишкек — ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүн ачып, чоң ийгиликтерге жетише ала турган мүмкүнчүлүктөрдүн шаары», — деди мэр.
Салижан Шариповдун эмгегин баалоо иретинде ага Бишкек шаарынын мэриясынын атынан эстелик белек — ысымы жазылган кол саат тапшырылды.
Салижан Шакирович Шарипов алгачкы учуусун 1998-жылдын 23–31-январь күндөрү «Индевор» космостук кемесинде STS-89 программасынын алкагында учуу боюнча адис катары аткарган. Экинчи учуусу 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин болуп, анда ал Эл аралык космостук станциянын бортинженери жана «Союз ТМА-5» транспорттук кемесинин командири болуп иштеген (Лерой Чиао менен бирге). Бул миссиянын жүрүшүндө ал ачык космоско эки жолу чыгып, жалпы 10 саатка жакын убакыт өткөргөн. Жалпысынан космосто болгон убактысы 201 күндү түзөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

