Жогорку Кеңеш "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш 8-апрелде үчүнчү окууда «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул долбоор Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мурда билдиргендей, мыйзам долбоору жарандардын ден соолугун жол берилген деңгээлден ашкан үн жана ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо максатында иштелип чыккан. Ошондой эле ички иштер органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктарын тактоо көздөлөт.

Анын айтымында, жарандардын кайрылууларынын көпчүлүгү кечки жана түнкү убактагы тиричилик ызы-чуусуна байланыштуу. Бирок ыйгарым укуктуу органдар мындай мыйзам бузууларга ар дайым ыкчам чара көрө алышпайт. Мунун себептеринин бири — ресурстардын чектелиши жана иш убактысынын тартиби. Мындан тышкары, ызы-чуунун кыска мөөнөттүү жана үзгүлтүктүү болушу аны атайын приборлор менен так өлчөөнү кыйындатат.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда көп кабаттуу үйлөрдү башкарган адамдарга, ошондой эле кварталдык комитеттерге тынчтыкты бузуу фактылары боюнча акт түзүү укугун берүү сунушталууда. Бул актылар андан ары кароо жана укук бузуулар боюнча протокол түзүү үчүн ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Долбоордо Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөр киргизилип, кайсы беренелер боюнча иштерди ички иштер органдары жана жергиликтүү бийлик карай турганы такталат. Ошондой эле далилдердин тизмеси кеңейтилет. Далил катары актылардан тышкары фото жана видео материалдарды, анын ичинде фото жана видео тартуу функциясы бар техникалык каражаттар менен жазылган материалдарды колдонууга уруксат берилет.

«Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жарандар менен уюмдардын укук бузуулардын алдын алуу иштерине катышуусун жөнгө салат. Бул — укуктук маалымат берүү, алдын алуу чараларын көрүү жана тынчтыкты сактоо талаптары бузулган учурлар боюнча актыларды түзүп, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү сыяктуу аракеттерди камтыйт.

Ал эми «Тынчтык жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр анын талаптарын жеке адамдарга, юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына да жайылтат. Ошондой эле тынчтыкты бузуу фактыларынын алдын алууга арналган өзүнчө берене киргизилет.

Мыйзам долбоорунда өзгөчө учур да каралган: Жаңы жылды майрамдоо учурунда — 31-декабрда саат 22:00дөн 1-январда саат 03:00гө чейин — тынчтыкты сактоо талаптары колдонулбайт.

Тынчтыкты бузууга каршы аракеттерге катышкан тараптардын өз ара иштешүү тартибин, ошондой эле тынчтык бузуу тууралуу акттын формасын Министрлер кабинети аныктай турганы сунушталууда.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз