Азыр алдамчылык фактыларын "каралар" эмес ИИМ менен УКМК чечет, - С. Жапаров
Садыр Жапаров жарандардын кайрылууларынын негизинде мурда алдамчылык менен кантип күрөшүлгөнүн айтып берди.
11-апрелде Араван районунун тургундары менен болгон жолугушууда Ош шаарынын тургуну Жэнбу Ураимова Кара-Суу базарында иштеп жүргөндө башка бир жаран тарабынан алданганын билдирди. Анын айтымында, андан мыйзамсыз түрдө үйүн тартып алышкан.
«Анын айынан канча адам үйлөрүнөн ажырады, канча үй-бүлө бузулду, айрымдар контейнерде жашап калышты. Ал пайызга акча берип, ушул ишин дагы деле улантып жатат», — деди ал.
Садыр Жапаров УКМК жана ИИМ өкүлдөрүнө кайрылып, алдамчылык боюнча бардык арыздарды карап чыгып, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү тапшырмасы берилгенин айтты.
«Эгер эки тарап бар болсо, эгер карыз бар болсо — кайтарылышы керек; эгер адам алданган болсо — мүлкү жабырлануучуга кайтарылышы зарыл. Ушундай иш алып барыңыздар, түшүнүктүүбү?
Мурда мындай иштер менен “каралар” алектенчү, билесиздер. Биз аны криминалдык дүйнө деп атайбыз. Алар бир күндө эле маселени “чечип” коюшчу, бирок андан кийин жарымын өздөрү талап кылышчу: “жарымы мага, дагы муну бер, тигини бер” деп, акыры өздөрү пайда көрүшчү.
Азыр андай болбойт жана болбойт дагы. Биз криминалдык дүйнө менен катуу күрөшүп, аны жок кылууга аракет кылабыз. Ошондуктан ИИМ, УКМК жана прокуратура да кабардар — мен башкы прокурор менен сүйлөшкөм», — деди ал.
Президент кошумчалагандай, алдамчылык боюнча арыздар абдан көп түшүүдө.
«Азыр мындай учурлар көп: акча алышат да кайтарышпайт, же колхат жок болуп калат, анан ар кандай нерселерди далилдөөгө аракет кылышат. Эки тарапты тең отургузуп, баарын түшүндүртсөңөр, дароо ким туура, ким күнөөлүү экени билинет.
Эгер адам чындап эле акчаны кайтарбай, өзүн орой алып жүрсө, анда аны кармап, камаш керек. Ошондо туугандары тез эле акчаны табышат. Мындай учурлар абдан көп, миңдеп саналат», — деп кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

